Бул семинарга Гулистан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да келип катышышты. Семинарда он бир айыл өкмөтүнүн өзүнүн жеке расмий саты ачылды.
Бул сайт ачылуу менен айыл өкмөтүнүн иштери бир катар женилдөө менен алдыга да жылууга кеңири шарт түзүлдү. Бул сайтта айыл өкмөтү тарабынан чыккан токтом буйруктар, жанылыктар,жарыяларды сайтка жарыялоого шарт түзүлдү.Проект кызматкерлери бизге сайт менен кантип иштөө керек экендигин үйрөтүштү. Семинар абдан маанилүү жана кызыктуу болду.Биз өзүбүзгө керек болгон маалыматтарды үйрөнүп алдык.Ушуга окшош семинарлар көбүүрөөк болуп турса, айыл өкмөтүнун кызматкерлери бири бири менен пикир алмашып, усулдук жардамдарды алууга шарт түзүлөт болчу. Биз бул семинар уюштуруучуларына абдан чоң ыраазычылыгыбзды билдиребиз.Мындан ары алардын иштерине ийгиликтер каалап кетебиз.