2018-жылдын, 6 июнь күнү Ош шаарында муниципалдык сайт түзүү боюнча практикалык семинар болуп өттү.

06 Июня 2018

2018-жылдын, 6 июнь күнү Ош шаарында муниципалдык сайт түзүү боюнча практикалык окуу семинар болуп өттү. Бул семинарга Ош облусунун 4 районунун 11 айыл аймагынын өкүлдөрү катышышты.Бул семинардын максаты муниципалитеттерге расмий сайт ачуу болуп, ар бир айыл  өкмөтүнөн келгендер интернет сайттар менен иштөөнү үйрөнүштү. Биздин Гулистан айыл өкмөтүнөн бул семинарга  3 адам катышты. Бул окуу семинар “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору алкагында болуп өттү, долбоорду Швейцариянын Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги каржылайт.  Келечекте айыл өкмөттөрдө болуп жаткан түрдүү окуяларды, жаңылыктарды, иш чараларды, же башка маалыматтарды интернет сайтка жайгаштырууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Болуп жаткан иштер менен көптөгөн элдер тааныша алат.