2019-жылдын 6-март күнү Гулистан айыл аймагынын Гулистан айылында ЖМБА (жергиликтүү маселелерди биргеликте аныктоо) иш-чаралары болуп өттү. Иш-чарага Гулистан айылынын 43 жашоочусу катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Гулистан айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар ЖМБА механизмдерин колдонуу аркылуу, өздөрүнүн эң көйгөйлүү маселелерин аныкташты. Натыйжада катышуучулардын көпчүлүк добушу менен айылга башталгыч мектеп керектиги белгиленди.